Байгазиев: Кыргызстанда АЭС кеминде 10 жылдан кийин курулат

17.05.2024, 13:07 Акчабар
Байгазиев: Кыргызстанда АЭС кеминде 10 жылдан кийин курулат

Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын курууга даярдык көрүү үчүн 10 жылдай убакыт керек. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев өзөктүк энергетика программасын аткаруучу уюмду түзүү боюнча семинарда билдирди.

Анын айтымында, бул убакыт аралыгында калк арасында кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, базалык инфраструктураны түзүү, өзөктүк адистерди окутуу, АЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин жана долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле жабдууларды даярдоо пландалууда.

“Росатомдун” республикадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Дмитрий Константинов Орусиянын мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги жергиликтүү адистерди даярдоо боюнча билим берүү борборун түзүүгө даярданып жатканын, алар кийинчерээк атомдук электр станцияларында иштей ала тургандыктарын билдирди.

 

Тэги: АЭС росатом Энергетика министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу