Бакчадагы балдардын тамагын ата-энелер камсыздайт

20.06.2024, 16:00 Акчабар
Бакчадагы балдардын тамагын ата-энелер камсыздайт

Мамлекет бала бакчадагы балдардын тамак-ашына акча бөлбөй турган болду. Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун артка кайтарды. 

Документке ылайык, бакчага барган балдарын тамак менен камсыздоо бир гана ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр бала бакчадагы тамак-ашка мамлекеттин эсебинен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден) 800 млн сом акча бөлүнгөн. Эми мамлекет үнөмдөлө турган акчага бала бакчаларды курууну пландап жатат.

Эске салсак, 2023-жылы август айында Жогорку Кеңеш "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алган. Мурдагы мыйзамда "бала бакчадагы балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөйт" деп жазылса, жаңысына "ата-энелер гана төлөйт" деген норма киргизилген. Бирок ал тууралуу коомчулукка ноябрь айында гана белгилүү болуп, бул маселе элдин нааразылыгын туудурган. Мындан улам бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар аталган норманы көз жаздымда калтырып, кабыл алгандарын билдиришип, "катасын" оңдоо үчүн депутаттардын тобу тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Мыйзам долбоору президент тарабынан артка кайтарылганы белгилүү болду. 

 

Тэги: бала бакча тамак-аш ата-эне ысык тамак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу