Баткенде 2,8 млн сомго килем цехи оңдоп-түзөлдү

21.06.2024, 09:15 Акчабар
Баткенде 2,8 млн сомго килем цехи оңдоп-түзөлдү

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем цехи ишке берилет. Анда 28 адам жумуш менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Килем токуу ишканасын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн, айылдагы союз маалында кондитердик цех болгон имарат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Ага Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен, 2 млн 800 миң сом каралган. 

“Имаратка айыл элинин сунушу менен, килем цехин куруу боюнча долбоор жазылып, жактырылган. Натыйжада СASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму бардык керектүү жабдууларын орноткон”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда 32 аял килем токуу боюнча окуудан өтүп жатат. Цехке чийки зат да ишканадан даярдалат. Айылдагы малдын жүнү кабыл алынып, жууп тазалоо менен жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер даярдалат.

 

Тэги: килем тигүү цехи оңдоп-түзөө CASA-1000 долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу