Баткенде диний-экстремисттик кыймылдын лидери кармалды

25.06.2024, 10:45 Акчабар
Баткенде диний-экстремисттик кыймылдын лидери кармалды

Баткенде "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын лидери жана мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө экстремисттик топтун 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу лидери жана тогуз мүчөсү кармалды. Ага ылайык, Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды.

Ал эми диний-экстремисттик кыймылдын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

УКМК ар кандай радикалдык-экстремисттик уюмдардын жактоочуларынын кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантат.

Тэги: дин Йакын-Инкар экстремизм УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу