Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү эки цех курулууда

21.06.2024, 12:55 Акчабар
Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү эки цех курулууда

Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ишкана пайдаланууга берилсе күнүнө 8 тоннага чейин мөмө жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Муниципалдык ишкананын курулушу, аймакта өндүрүлгөн өрүк жана алманы кайра иштетүү менен жергиликтүү багбандарга шарт түзүү, аймакты дотациядан чыгаруу максатын көздөйт.

Аталган ишкананы курууга Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом ажыратылган. Анын курулушун быйыл аяктоо пландалууда жана мында 10 адамга жумуш орду түзүлөт.

Ошондой эле Баткен районунун Дара айыл аймагында муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. 500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 млн сом каралган. Өнөктөш катары KOIKA уюму 10 млн сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн. Бул ишкананын дагы курулушун быйыл бүткөрүп, жыл соңуна чейин эки муздаткычын ишке киргизүү пландалууда.

Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы дыйкан чарба, айыл чарба кооперативдер дин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тэги: Баткен мөмө-жемиш муниципалдык цех

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу