Баткенде селден улам 1 миңден ашык тургун эвакуацияланды

25.06.2024, 09:40 Акчабар
Баткенде селден улам 1 миңден ашык тургун эвакуацияланды

Баткенде 5 жаштагы бала селге агып каза болду. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 70 жаштагы дагы бир тургун ооруканага жаткырылды.

Кечээ Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Мунун айынан учурда 1 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

Табигый кырсыктан бир нече турак жай, социалдык обьектилер жабыркап, ички чарбалык жолдор жараксыз абалга кептелген.

24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон районундагы үйлөргө да суу кирген. Ошондой эле Таластын Бакай-Ата районунда айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады.

Тэги: коопсуздук сел каптоо Баткен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу