Бейшеналиев: Сузакта жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат

03.05.2024, 14:26 Акчабар
Бейшеналиев: Сузакта жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат

Сузакта "Манас айтуу" сынагы учурунда жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын абалы туруктуу. Аларга ордо калаадагы №3 Балдар клиникасында дагы операция жасоо пландалууда.

"Балдар ар кандай жаракат алышкан. Сынгандары, ички органдары жарылып кеткендери бар. Боору, көк боору жарылгандарга кечээ операция жасалды. Бүгүн өзүнө келип калышты. №3 Балдар клиникасы жаракат алган окуучуларды кабыл алууга даяр", - дейт министр.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жабыркаган балдардын саламаттыгы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 3-майга карата Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда. Андан тышкары, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында — 1, Сузак аймактык ооруканасында — 3, Октябрь ЖДПБда – 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Окуяда бир мугалим жаракат алганы айтылат.

Тэги: Сузак коомдук саламаттык Алымкадыр Бейшеналиев мектеп окуучулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу