Беш айда 115 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

05.06.2024, 11:10 Акчабар
Беш айда 115 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Быйыл беш айда 115 млрд 106 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген план 4,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,2 млрд сомго көп жыйналды. 

Анын ичинде 85 млрд 007,1 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 282,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын беш айына салыштырмалуу 15,2 млрд сомго көп. 

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 30 млрд 98,8 млн сомду түзүп, план 4,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,04 млрд сомго көп.

Салыкты чогултууда контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптик куралдарды киргизүү олуттуу салым кошту.

 

Тэги: салык кызматы камсыздандыруу салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу