Бишкекте жарандарга беш күн катары менен акысыз юридикалык кеп-кеңеш берилет.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, иш-чара бүгүнтөн тарта 1-июнга чейин уюштурулат.
Анын алкагында адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатында зарыл болгон укуктук консультацияларды алса болот.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган акция ордо калаадагы төмөнкү соода борборлорунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт: