Кыргызстанда эң көп акча соода тармагында жүгүртүлөт

01.07.2024, 12:00 Акчабар
Кыргызстанда эң көп акча соода тармагында жүгүртүлөт

Быйылкы жылдын беш айында Кыргызстанда рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 480,4 млрд сомду түздү. Бул 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу 16,1%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, акчанын эң көп үлүшү дүң жана чекене соодага туура келет – 352,6 млрд сом, же бардык рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн 73,4%ын түзөт. Андан кийинки орунда финансылык ортомчулук – 30,5 млрд сом (Кыргызстандагы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн 6,36%) жана транспорттук ишмердүүлүк – 30,4 млрд сом (6,33%) турат.

Эң аз акча искусство жана көңүл ачуу тармагында, ал 1,1 млрд сомду түзөт. 

 

Тэги: новости Кыргызстана деньги сом валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу