Боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу

17.06.2024, 10:50 Акчабар
Боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу

Бишкекте боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жакшы жылыштар байкалууда, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады. Бардык дары-дармектер жетиштүү.

Эске салсак, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операция Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында орун алып, ага кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлер катышты.

Тэги: операция боор алмаштыруу саламаттык сактоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу