Бишкек шаарында 21-июлдан тарта №203 автобус каттай баштайт, аны “Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасы тейлейт.
Бул иш-чара борбор калаанын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана коомдук транспорт тармагын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылууда.
Белгилеп кетсек, бара-бара бардык кичи маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.