Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын Түндүк тиркемесинен да ала алышат

21.06.2024, 10:32 Акчабар
Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын Түндүк тиркемесинен да ала алышат

Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү "Түндүк" сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде,  автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

 

Тэги: аттестат Түндүк тиркеме окуучулар Билим берүү министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу