Чаткалда мамкызматкерлер 5 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган

25.06.2024, 15:52 Акчабар
Чаткалда мамкызматкерлер 5 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери 5 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз өздөштүргөн. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгиленгендей, Маданият үйүнүн каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында, кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ыйгарып алуу жана кызматтык унааны мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары аныкталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголду. 

Кылмыш ишинин алкагында мурдагы директор Н.Ж жана башкы эсепчи Б.А кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

 

Тэги: маданият үйү коррупция Чаткал району Мамлекеттик кызмат каржылык мыйзам бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу