Дарыгерлердин айлыгы 50% көтөрүлөт — Садыр Жапаров

01.07.2024, 10:41 Акчабар
Дарыгерлердин айлыгы 50% көтөрүлөт — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тутумунун жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлык өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртууга багытталган. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды. 

Президент белгилегендей, быйылкы жылдын 1-сентябрынан баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%, орто медициналык кызматкерлердин айлыктары 20%, кенже тейлөө кызматкерлеринин жана тез жардам кызматынын айдоочуларынын айлыктары 10%га көтөрүлөт. 

"Мисалы, алыскы аймактарда иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сомдун ордуна 50 миң 205 сом алат. Анестезиолог-реаниматолог 35 миң 481 сомдун ордуна 73 миң 222 сом, педиатр 32 миң 474 сомдун ордуна 68 миң 709 сом алат. 1-июлдан тарта клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сомдун ордуна 20 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта. 

Садыр Жапаров белгилегендей, алыскы аймактардагы саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу үчүн ушул жылдын 1-июлунан тартып алыскы райондорго, кичи шаарларга жана айыл жергесине иштөө үчүн жиберилген медицина кызматкерлерине 20 миң сом кошумча компенсация төлөнөт. Бул төлөмдөр боюнча жалпы чыгашалар 2024-жылдын 1-июлунан тартып 380,9 миллион сомду, ал эми жылдык керектөө 761,8 миллион сомду түзөт. 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө 10 миң адамга 17,5% дарыгерлер туура келерин, бул эмгек акы төлөө системасын жогорулатууну талап кылаарын билдирди. Ал белгилегендей, бул чаралар жарандардын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууда дарыгерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин комплекстүү ишинин бир бөлүгү болуп саналат.

Президент көрүлүп жаткан чаралар бүтүндөй республика боюнча кыргызстандыктарды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртаарын жана дарыгерлердин эмгегин жогору баалоо керектигин баса белгиледи. Соңунда Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо тармагынын бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Тэги: коомдук саламаттык айлык акы маяна дарыгер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу