Дүкөнгө кайтарып берүүгө болбой турган товарлар айтылды

03.07.2024, 17:40 Акчабар
Дүкөнгө кайтарып берүүгө болбой турган товарлар айтылды

Министрлер кабинети кайра кайтарууга болбой турган товарлардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балуу металл, балуу таштардан жасалган буюмдарды, техникалык татаал тиричилик товарлары жана кепилдик мөөнөтү бар протездик-ортопедиялык буюмдарды кайра кайтарууга болбойт. 

Ошондой эле, мындай товарлардын катарына төмөнкүлөр да кирет: 

  • Ич кийим, шейшеп, ымыркайлардын кийими, байпак жана кол каптар.
  • Кездеме, тор жана башка метрлеп сатылган буюмдар.
  • Парфюмерия жана косметикалык буюмдар.
  • Синтетикалык кир жуучу жана тазалоочу каражаттар.
  • Тиричиликке керектелүүчү химиялык каражаттар, агрохимикаттар.
  • Канцеляриялык товарлар: тушь, сыя, боек, лак ж.б.
  • Фотопленка, фотокагаз, фотореактив.
  • Жеке гигиеналык заттар (тиш жуугуч, тарак, чачка байлагыч, сакал алгыч ж.б)
  • Эмерек.
  • Үй шартында дарылануу жана алдын-алуу үчүн заттар, жабдуулар.
  • Календарь, буклет жана башка мезгилдүү эмес басылмалар.
  • Жаныбарлар, өсүмдүктөр, дан жана балык, куш менен башка жандыктар үчүн азык.
  • Полимерден жасалган ашкана буюмдары.
  • Тери буюмдары.
  • Кулак кап жана аудио-видео жаздыруучу каражат.
  • Ветеринардык дарылар.
  • Тамеки.

Тэги: айрым товар антимонополия соода

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу