ЕАЭБ алкагында 15 млрд сомдон ашык кыйыр салык жыйналды

13.05.2024, 11:45 Акчабар
ЕАЭБ алкагында 15 млрд сомдон ашык кыйыр салык жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын төрт айында 15 млрд 374,6 млн сом ЕАЭБдин алкагында импортко кыйыр салык жыйнады. Бул 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 960,3 млн сомго көп, же өсүү ыргагы 106,7%ды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Анын ичинде импортко КНСтин түшүүлөрү 12 млрд 259,5 млн сомду жана импорттук акциз 3 млрд 115,1 млн сомду түздү.

Белгилеп кетсек, салык кызматы ЕАЭБ алкагында кыйыр импорттук салыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн электрондук коштомо кагаз, "Жыйынды пост", "Ички пост" маалыматтык системалары сыяктуу заманбап санариптик куралдарды киргизүүдө, ошондой эле импорттоочуларга салык органдарына отчетторду жана арыздарды жөнөтүү боюнча онлайн сервистер жеткиликтүү.

Мындан тышкары, республикада товарларды эсепке алуу боюнча 27 пункт жана 3 ички пост иштейт.

Тэги: ЕАЭБ кыйыр салык салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу