Электрондук тамеки чеккендер 10 миң сомго чейин айып пул төлөйт

24.06.2024, 15:21 Акчабар
Электрондук тамеки чеккендер 10 миң сомго чейин айып пул төлөйт

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанга электрондук тамекилерди өлкөгө алып кирүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. 

Талкууда жеке адамдардын электрондук тамекилерди чеккендиги үчүн айып пулду 10 миң сомго чейин түшүрүү чечими кабыл алынды. Буга чейин бул үчүн 40 миң сом айып пул салуу сунушталып, бирок депутаттар бул өтө чоң сумма деп эсептешкен. Ал эми юридикалык жактар ​​үчүн айыптын өлчөмү мурдагыдай эле — 60 миң сом боюнча калды.

Электрондук тамеки сатканы үчүн жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.

Ал эми электрондук тамекилерди импорттогондорго 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу, бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

 

Тэги: электрондук тамеки коомдук саламаттык Ден соолук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу