Жарыяланган
2020-11-12, 09:20Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги аялдар» программасы ишке киргизилет. Бул тууралуу «Курак» аялдар форумунун басма сөз кызматы билдирди.
[news 30592]
Иш-чарага мамлекеттик структуранын өкүлдөрүнөн, бизнес коомчулуктан, донордук уюм жана ММК өкүлдөрүнөн 10дөн ашык катышуучу болору күтүлүүдө. Андан сырткары, Казакстан жана Тажикстандан атайын делегаттар катышышат.
Бул программанын башкы компоненти болуп менторлук эсептелинет. Бул – ишкерликти жаңы баштагандарга мотивация жана пайдалуу кеңештерди алуу үчүн формалдуу институт болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, практикалык бизнести кеңейтүү үчүн ресурстарды тартуу жардамдары көрсөтүлөт.