Кеминде дээрлик 1 млрд сомдук жер мамлекетке кайтарылды

24.06.2024, 17:41 Акчабар
Кеминде дээрлик 1 млрд сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Кемин районунда 968 млн сомдук өндүрүш багытындагы 106,3 га жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кемин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кызыл-Октябрь айыл аймагында 1991-жылы Ленин атындагы машина куруучу заводуна пайдаланууга берилгени, бирок бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, муниципалдык менчикке алынбай келген жана алардан жергиликтүү бюджетке салык, ижара, инвестициялык төлөмдөрдөр мамлекеттин бюджетине төлөнбөй келген жалпы 106,3 га жер аянты аныкталды.

“Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы нарктык баасы 968 млн 827 миң сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик баланска алынды”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Кемин Башкы прокуратура мыйзамсыз мыйзам бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу