ККМ колдонгондордун саны 100 миңден ашты

27.06.2024, 11:15 Акчабар
ККМ колдонгондордун саны 100 миңден ашты

Кыргызстанда катталган кассалык аппараттардын саны 100 миң 32 даанага жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жылда катталган кассалык аппараттардын саны 82,6 миң даанага көбөйгөн. 2021-жылы алардын саны 17,4 миңден ашса, 2022-жылы 36 миңге жетип, 2023-жылы 65,4 миң бирдикти түзгөн. 

“Бул олуттуу өсүш ишкерлер арасында кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекет тарабынан контролдук-кассалык машиналарды бекер берүү, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди киргизүү менен түшүндүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чекене сатуу менен алектенген салык төлөөчүлөр Министрлер кабинети бекиткен иштин түрлөрүн кошпогондо, контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү.

 

Тэги: ККМ салык кызматы салык төлөөчүлөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу