Өкмөт башчы «EDF» жана «Masdar» компанияларынын жетекчилери менен жолукту

03.05.2024, 12:11 Акчабар
Өкмөт башчы «EDF» жана «Masdar» компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Франциянын Elektricite de France (EDF) энергетикалык компаниясынын Европа жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча Вице-президенти Марк Жирард жана “Masdar” компаниясынын жетекчиси Мохамед Жамиль Аль Рамахи менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Атап айтканда, 2023-жылдын декабрында Дубай шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк саммиттин алкагында энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө үч тараптуу кол коюлган меморандум тууралуу сөз болду.

“Министрлер кабинети “EDF” жана “Masdar” компанияларынын кызматташуу ниетин кубаттайт жана Кыргызстандагы гидроэнергетикага жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салуусуна колдоо көрсөтөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем негиз түзүү максатында “EDF” жана “Masdar” компанияларынын Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачуу сунушуна компания жетекчилери кызыктар экенин жана Кыргызстандагы энергетикалык ири долбоорлорду колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Тэги: Өкмөт башчы Акылбек Жапаров энергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу