Мелис Тургунбаев Улуттук банктын жамаатына тааныштырылды

27.06.2024, 09:00 Акчабар
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын жамаатына тааныштырылды

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов тааныштырды.

Адылбек Касымалиев бүгүн Улуттук банктын алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы төрагага ийгиликтерди жана жооптуу кызматында жетишкендиктерди каалады.

Данияр Төлөнов Улуттук банктын жетишкендиктерин жана алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Улуттук банктын натыйжалуу ишин колдоо жана улантуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Мелис Тургунбаев көрсөтүлөп жаткан ишеним үчүн ыраазычылыгын айтып, жамаат менен биргеликте өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн натыйжалуу иш алып барарына ишенерин билдирди.

Тэги: новости Кыргызстана НБ КР Мелис Тургунбаев новый глава НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу