Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетет. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Бөкөнтаев бул кызматты 2021-жылдын сентябрынан бери аркалап келген.
Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган.