Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.
Ал белгилегендей, учурда фонд экономиканын ар кайсы тармагындагы 16 долбоорду көзөмөлдөйт.
“Жаңы кызматташтык долбоорлорун түзүү үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда”, - деди ал.
Эске салсак, фондду түзүү боюнча келишимге 2021-жылдын март айында Ташкентте кол коюлган. Алгач анын уставдык капиталы 50 млн долларды түздү. Бара-бара аны 200 млн долларга чейин көбөйтүү пландалууда.