«Кыргызнефтегаз» кытайлык компания менен кызматташат

26.06.2024, 14:02 Акчабар
«Кыргызнефтегаз» кытайлык компания менен кызматташат

Кытайда "Кыргызнефтегаз" компаниясы менен "Инженеринг Дриллинг Компани СИБУ" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ишканадан маалымдашты. 

Меморандум "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишановдун Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында түзүлдү.

Документке ылайык, тараптар Кыргызстандын аймагында мунай жана газ кендерин чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешип иш алып барышат. Ошондой эле тараптар биргелешип капиталдык оңдоолорду жүргүзүү, пласттарды гидрожардыруу, кудуктарды кислота менен тазалоо жана башка ыкмалар менен эски скважиналардан мунай өндүрүүнү жакшыртуу максат кылышууда. 

Мындан тышкары, тереңдиги 4 миң метрден ашкан терең кудуктарды бургулоо пландаштырылууда.

 

Тэги: Кыргызнефтегаз кызматташуу мунай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу