Кыргызстан аконит өсүмдүгүн жыйноого үч жылга тыюу салды

29.05.2024, 09:50 Акчабар
Кыргызстан аконит өсүмдүгүн жыйноого үч жылга тыюу салды

28-майда Министрлер кабинети жыйын өткөрүп, анда жалпысынан 16 маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, чогулушта айрым дары-дармек, техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынды.  

“Кыргызстандын аймагындагы макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) өсүмдүктөрүн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: аконит мораторий тыюу салуу КР Өкмөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу