Кыргызстан интернет байланышын жакшыртууга дагы 7 млн доллар насыя алат

26.06.2024, 16:55 Акчабар
Кыргызстан интернет байланышын жакшыртууга дагы 7 млн доллар насыя алат

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы “Digital CASA” долбоорунун алкагында интернетке жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн кошумча насыя алууну үчүнчү окууда жактырды. 

Каражат Дүйнөлүк банк жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан бөлүнөт.

Каржылоо боюнча келишим 2019-жылы бекитилген. 2021-жылы мамлекет бул долбоорго 50 млн доллар алган: жарымы пайызсыз насыя, жарымы грант түрүндө. Төлөө мөөнөтү: 38 жыл, төлөө боюнча алты жылдык кийинкиге жылдыруу менен.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ошондон бери өлкөнүн муктаждыктары өсүп, кошумча каржылоо зарыл болгонун белгиледи. 7 млн доллар он жылдык мөөнөт менен 50 жылга пайызсыз насыя түрүндө берилди.

Тэги: интернет байланыш насыя Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу