Кыргызстан Кытайга Баткендин өрүгүн экспорттойт

19.06.2024, 10:24 Акчабар
Кыргызстан Кытайга Баткендин өрүгүн экспорттойт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co.Ltd” ЖЧКсынын башкы директору ​​Чу Цюши жана "Агро Баткен" ЖЧКсынын башкы директору Жалалидин Шакиров менен жолукту. 

Мекемеден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандан Кытайга багбанчылык жана коондорду экспорттоо жаатында кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жолдорун карап, экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз-кытай ишканаларынын ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоону талкуулашты. Продукциянын сапатын жана бардык зарыл эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co.Ltd” жана  “Агро Баткен” ЖЧКсы Кытайга өрүк экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. 

 

Тэги: өрүк Баткен өрүгү Кытай экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу