Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы 7 жылда 6 эсеге өстү. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.
Ал белгилегендей, 2023-жылдын аягында эле соода жүгүртүү 1 млрд 260 млн долларды түзгөн.