Кыргызстан Өзбекстандан 195 млн долларга товар импорттоду

25.06.2024, 10:50 Акчабар
Кыргызстан Өзбекстандан 195 млн долларга товар импорттоду

2024-жылдын январь-май айларында Өзбекстан Кыргызстанга 195 млн долларга товар экспорттогон. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Өзбекстан Орусияга - 1,4 млрд доллар, Кытайга – 822 млн доллар, Түркияга – 494 млн доллар, Казакстанга  – 486 млн доллар, Ооганстанга – 372 млн долларлык товар экспорттогон.

Ал эми маалыматта Кыргызстан Өзбекстанга канча товар экспорттогону жазылган эмес, тактап айтканда Кыргызстан коңшу өлкөгө эң көп экспорт жасаган 10 өлкөнүн катарына кирбейт.

Өзбекстанга эң көп экспорт жасаган алдыңкы үч өлкө: Кытай - 4,2 млрд доллар, Орусия - 3,4 млрд доллар жана Казакстан - 1,1 млрд долларды түзөт. 

 

Тэги: Өзбекстан товар импорт экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу