Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат

10.06.2024, 11:55 Акчабар
Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, операция 10-11-июнда жасалат.

Белгиленгендей, эки бейтаптын боору алмаштырылат. Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда атайын окуудан өтүп келишкен.

Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келери айтылган.

Тэги: операция боор алмаштыруу саламаттык сактоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу