Кыргызстанда «Евро Хантер Компанинин» иши токтотулду

25.06.2024, 11:15 Акчабар
Кыргызстанда «Евро Хантер Компанинин» иши токтотулду

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Евро Хантер Компани”ЖЧКсынын ишин токтотту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Евро Хантер Компани” ЖЧКсынын Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердигин жүргүзүүгө лицензиясын токтотту.

Мындай чечим компаниянын кызмат көрсөтүүсүн көпкө күтүү боюнча жарандардан түшкөн даттанууларга байланыштуу кабыл алынган. 

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн Борбор “Евро Хантер Компани” ЖЧКсына төмөнкү талаптарды койду:

  • учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы талапкерлерди тартууну токтотуу;
  • кызмат көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү.

Борбор кырдаалга көз салып, КР жарандарынын укуктарын коргоо үчүн чараларды көрүүнү улантууда. Ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду керектүү маалымат жана жардам алуу үчүн борборго кайрылууга чакырат.

 

Тэги: мыйзам бузуу талап миграция эмгек миграциясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу