Кыргызстандыктар 13,6 миллиард сомго чакан насыя алышкан. Ушул жылдын биринчи кварталына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.
Ага ылайык, микрокредит алуучулардын эң көп саны Бишкекте – 50 миңден ашык, андан кийин Ош, Жалал-Абад, Чүй облустары турат.
Чакан насыялардын басымдуу бөлүгү керектөөлөргө, айыл чарбасына, соода тармагына жана курулушка берилген.