Кыргызстанга которулган акчанын дээрлик 87% рубль менен келет

04.06.2024, 10:50 Акчабар
Кыргызстанга которулган акчанын дээрлик 87% рубль менен келет

Быйыл үч айда Кыргызстанга 42,6 млрд сом жөнөтүлүп, жалпы 1 млн 553,5 миң транзакция жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда өлкөгө рубль менен 1 млн 347,2 миң акча которулган. Жалпысынан Кыргызстанга биринчи кварталда 32 млрд 364,5 млн рубль акча которулган. Орточо которуу суммасы 24 миң рублдан бир аз ашкан. 

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу которуулардын саны 6,8%га азайган. Ошол эле учурда рубль менен которулган сумманын көлөмү 19,4%га өскөн. Башкача айтканда, Орусиядан акча азыраак, бирок көп өлчөмдө келе баштады деп айтууга болот.

Кыргызстанга рублдан тышкары АКШ доллары жана евро да жөнөтүлгөн. Бирок которулган акчанын ар бир сегизинчиси гана доллар менен келген. Ар бир 98- акча которуу евро менен жөнөтүлгөн. 

Буга чейин “Акчабар” январдан мартка чейин Кыргызстанга доллар дээрлик 27% көп келгенин жазган. Еврого келсек, отчеттук чейректин жыйынтыгы боюнча өлкөгө бул валютада 15,8 миң акча которуулар жүргүзүлсө, 2023-жылдын ушул мезгилине карата которуулардын саны 9%га көбөйгөн, ал эми суммасы - 31,6%га өскөн. 

 

Тэги: рубль акча которуу миграция эмгек мигранттары доллар евро

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу