Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу 6 жылда курулат

19.06.2024, 14:00 Акчабар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу 6 жылда курулат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл октябрь айында башталып, ал 6 жылда бүтөт. Парламент мыйзам долбоорун үч окууда тең жактырды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жол Кыргызстандын аймагынан туннель жана көпүрөлөр аркылуу өтөт.

Транспорт министринин орун басары Ырысбек Барпиевдин айтымында, Макмалда чоң станция куруу пландалууда.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун 311 чакырымы Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын 95 пайызы жайыттардан өтүп, менчик жер тилкелерине жана үйлөргө тийбейт. Анын курулушу 4,7 миллиард доллар болот. Долбоордун 52 пайызын Кытай каржылайт,  Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан акча бөлүшөт.

Тэги: темир жол Кытай Өзбекстан Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу