Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

24.11.2023, 11:35 Акчабар
Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиелешүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев иштеп чыкты. Бул тууралуу “Reporter.kg” жазып чыкты. 

Мыйзам долбоорунда айтылгандай, турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар көзү ачыктарга кайрылып, өз маселесин чечүүнүн айласын издешет. “Көзү ачыкмын”, “сыйкырчымын” деген адамдар аларга келген кишинин кыйынчылык тартып жатканын билип, “көйгөйүн чечип берем” деп ишендирип, көз боемочулук кылышат.

Мындан улам депутат Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштап жатат.

 

Тэги: көзү ачык бүбү-бакшы төлгөчү тыюу салуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу