Мамлекеттик салык кызматынын жаңы имараты курулат

07.06.2024, 11:50 Акчабар
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы имараты курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Акылбек Жапаров салык кызматы мамлекеттин негизги өнөктөшү экенин белгиледи.  

“Жаңы жети кабаттуу имарат уникалдуу архитектурага ээ болот.  Ал куш учкан бийиктиктен караганда, улуттук валютабыз – сомду символдоштурган “С” тамгасынын жана “Салык” сөзүнүн биринчи тамгасынын формасында көрүнөт.  Мындан тышкары, имараттын өзү биринин үстүнө тизилген тыйындар болот, бул дагы туруктуулукту билдирет”, - деди ал.   

Жаңы имаратка Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын, Аналитикалык борбордун, Ситуация борборунун, Дата борборунун жана Ишкерлерди тейлөө борборунун кызматкерлери жайгашат.

Белгилеп кетсек, имарат канча каражатка курула турганы айтыла элек. 

 

Тэги: минкаб салык кызматы жаңы имарат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу