MBANK насыянын пайыздык чендерин 19,99% га чейин төмөндөттү

20.06.2024, 19:35 Акчабар
MBANK насыянын пайыздык чендерин 19,99% га чейин төмөндөттү

ААК "Коммерциялык Банк Кыргызстан" | MBANK насыя пайыздарынын чени төмөндөгөнү тууралуу жарыялайт.  Эми онлайн насыя пайызынын жылдык чени болгону 19,99 %.

«MBANK ар дайым өз кардарларына жаңы жана пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулат. Жылдык ченди 19,99 %га чейин төмөндөтүү менен биз каржы кызматтарын баарына жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. 

Сиз үчүн ыңгайлуу эң сонун мүмкүнчүлүк – учурдагы насыяңызды жабуу үчүн жаңы насыя алуу менен ай сайынкы төлөмдү минимумга чейин төмөндөтүп, кошумча пайыздардан акчаңызды үнөмдөөгө жол ачылат», - деп банктын акцияларынын пайдалуу шарттарын белгилейт.

MBANKтын насыя артыкчылыктары:

  • Ыңгайлуу пайыздык чен: жылдык чен – 19,99%, банктын офистерине баруунун зарылдыгы жок.
  • Онлайн насыя: MBANK тиркемеси аркылуу насыя алуу мүмкүнчүлүгү.
  • Жөнөкөй шарттар: насыяны төлөө мөөнөтү 36 айга чейин, жеке учурларда 60 айга чейин.
  • Ыңгайлуу тейлөө: акча каражаттарын MBANK банкоматтар тармагынан алуу, MBANK тиркемесинин ичиндеги которуулар жана төлөмдөр.

Тез жана ыңгайлуу

Бардык операциялар Онлайн режиминде жүргүзүлөт:

  • Ыкчам тариздөө: 1 мүнөттүн ичинде макулдук берилет
  • Тез которуу: арыз жактырылгандан кийин акча каражаты 5 мүнөттүн ичинде картага түшөт.

Акция 2024-жылдын 19-июнунан 2-июлуна чейин созулат. Финансы рыногунда насыялоонун эң пайдалуу шарттарын пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

MBANK тиркемеси аркылуу дароо билдирме калтырыңыз. Үйүңүздөн чыкпастан, пайдалуу, ошондой эле ыңгайлуулуктан ырахат алыңыз!

Тэги: MBank MBank online аз пайыздагы насыя жеңилдетилген насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу