MBANK "Санарип толкун" жайкы акциясын баштады

26.06.2024, 19:21 Акчабар
MBANK "Санарип толкун" жайкы акциясын баштады

"Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK Ысык-Көлдүн түндүк жээгин камтыган "Санарип толкун" жайкы акциясын кубануу менен жарыялайт.

Акциянын алкагында банктын активдүү катышуучулары жана кардарлары үчүн атайын белектер даярдалган.

"Санарип толкун" акциясынын катышуучуларын эмне күтөт?

MBANK саратан жай чилдеде Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги пансионаттарды түрө кыдырып, өз кардарлары үчүн кызыктуу иш-чараларды уюштурат. Анын алкагында кардарлар MBANKтын соңку санарип өнүмдөрү менен таанышып, акцияга активдүү катыша алышат.

Акциянын ар бир катышуучусу баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Оюндар жеринде ойнотулуп, катышуучулар белектерин дароо колго алышат.

Кантип катышууга болот?

Акцияга ар бир жаран катыша алат. Бул үчүн "Санарип толкун" акциясынын жүрүү графигине көз салып, пансионаттарда өтө турган иш-чараларга катышуу гана жетиштүү.

Учурдагы жайгашкан жер жана алдыдагы иш-чаралар жөнүндө маалыматты өткөрүп жибербөө үчүн биздин веб-сайттан жана официалдуу социалдык тармактагы баракчаларыбыздан кабардар болуңуз.

"Санарип толкун" акциясына кошулуп, MBANK менен санарип мүмкүнчүлүктүн кеңири дүйнөсүнө сүңгүңүз.

Акция 27.06.2024-жылы башталып, 31.08.2024-жылга чейин уланат.

Акциянын расмий бет ачары 28-июнда айтылуу "Morandi" тобунун концерти өтүүчү Bobo Barдын ("Чайка Резорт" пансионатында) ачылышында өтөт.

MBANK толкунунда бол!

MBANK – биринчи санарип!

КРУБ лицензиясынын № 014

Тэги: MBank

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу