Эттин кымбаттыгы боюнча Нарын менен Баткен облусу алдыда

21.06.2024, 11:15 Акчабар
Эттин кымбаттыгы боюнча Нарын менен Баткен облусу алдыда

20-июнга карата Нарында уй этинин орточо баасы 546 сомду түзсө, жылкы этинин орточо баасы 518 сом болду. Уй эти менен жылкы этинин орточо баасы Нарында эң жогорку деп табылды. Бул тууралуу өлкө боюнча эттин баасына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы көрсөттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, башка аймактарга салыштырмалуу Баткенде уй этинин орточо баасы кымбат экени аныкталган. Анын баасы 530 сом.

Ал эми кой этинин орточо баасы Ошто эң жогору экендиги байкалган, ал 598 сомду түзөт. Андан кийин Баткенде 593 сомду түзгөн.

Ош облусунда жылкы этинин баасы 510 сом. 

Белгилеп кетсек, өлкөдө жылкы этинин орточо баасы 500 сом.

Тэги: кымбатчылык арзанчылык кой эти жылкы эти уй эти

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу