Мыйзамсыз алынып келинген 2 миңдей алкоголдук продукция аныкталды

23.05.2024, 10:20 Акчабар
Мыйзамсыз алынып келинген 2 миңдей алкоголдук продукция аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 миң 949 даана алкоголдук продукцияны аныкташты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Тактап айтканда, рейддик салык контролунун жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы "Жаңы-Арык" ички салык постунда "Тойота" үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 080 даана алкоголдук продукция табылган.

Мындан тышкары, посттун кызматкерлери башка "Тойота" үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда акциздик маркалары жок 720 даана арак продукциясын табышкан.

Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында шектүү акциздикмаркалары менен 149 даана алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталган.

Транспорт каражаттары жана алынган алкоголдук ичимдиктер боюнча материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.

 

Тэги: салык кызматы мыйзамсыз алкоголдук ичимдик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу