Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун бизнес форуму башталды

27.06.2024, 11:25 Акчабар
Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун бизнес форуму башталды

Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык бизнес-инвестициялык форуму башталды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле байкоочу өлкөлөр – Венгрия, Түндүк Кипрден жана Европа палаталарынын өкүлдөрү чогулушту.

Форумда Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, продукцияны ТМУнун катышуучу жана байкоочу өлкөлөрүнүн аймагына экспорттоо, экологиялык жактан таза продукцияны жайылтуу, жашыл энергетиканы өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Ошондой эле IT тармагын өнүктүрүү, заманбап чакырыктардын шартында банк секторун трансформациялоо чөйрөсүндөгү маселелер каралат.

Белгиленгендей, форумдун алкагында катышуучу өлкөлөрдүн ишкерлеринин B2B форматындагы жолугушуулары өтөт. Бул жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Организация тюркских государств

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу