Нарында машина кураган завод салынат

27.06.2024, 12:06 Акчабар
Нарында машина кураган завод салынат

Кытайлык компания Нарын облусунда машина кураган завод жана бамбуктан кагаз чыгарган ишкана салууну пландоодо. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кытайда иш сапар менен жүргөн өкмөт башчысы Акылбек Жапаров "Эки өлкө — эки парк" долбоору боюнча Кашгар экономикалык өнүктүрүү аймагынын башкаруу комитетинин жетекчиси Гуан Юн менен жолуккан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө "Жиабо техноложи" компаниясы Кыргызстандын аймагында сала турган машиналарды куроочу завод боюнча маселе талкууланган. Ошондой эле компания бамбуктан кагаз чыгарууну пландоодо.
Акылбек Жапаров Нарында салына турган бул ишканалар облус үчүн жакшы инвестиция экенин, аны кыргыз тарап колдой турганын билдирген.

Ишканаларды курууга 130 млн доллар инвестиция салынары күтүлүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн тараптар тиешелүү документке кол койгон. Курулуш иштери быйыл август айында башталат.

 

Тэги: Нарын машина завод

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу