Ноокатта сел суулары жалпысынан 59 турак жайды каптап, үчөө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалым болду.
Маалыматка ылайык, үйлөр Гулистан, Исанов, Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында жайгашкан. Учурда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген.
Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1 миң 400 адам түшө албай калып, кийин баары эвакуацияланды.
Тилсиз жоодон 9 адамдын өмүрү кыйылды.