2023-жылы жалпы суммасы 37,5 миң сомду түзгөн 22 жасалма банкнот аныкталган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилеп кетсек, 2022-жылы жасалма банкноттун көлөмү 9,5 миң сомду түзсө, алардын саны 31 даана болгон.
“Жасалма акча жасоонун деңгээли 1 млн накта банкнотко 0,05 жасалма банкнотту түздү, бул минималдуу, биринчи деңгээлге кирет”, - деп билдирет көзөмөлдөөчү орган.
Укук коргоо органдары жасалма акча жасоо боюнча ар бир фактыга кылмыш ишин козгоп, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн.