Орусиядагы кыргыз мигранттар 30 млн рубль кечиктирилген эмгек акы алды

07.06.2024, 10:50 Акчабар
Орусиядагы кыргыз мигранттар 30 млн рубль кечиктирилген эмгек акы алды

Быйыл беш айда Эмгек министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 357 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардамдашты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 30,5 млн рублди түзгөн.

Дагы беш кыргызстандыкка өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,4 млн рубль өндүрүп берүүгө көмөктөштү. 

“Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо үчүн өкүлчүлүктүн кызматкерлери 21 соттук отурумга катышып, Москва шаарындагы полиция бөлүмдөрүнө, медициналык мекемелерге жана мамлекеттик органдарга 72 жолу барышты”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 4 миңден ашык кыргызстандыктар миграциялык мыйзамдар маселелери боюнча жеке кабыл алуу жана телефон аркылуу кеңештерди алышкан. 

 

Тэги: миграция тышкы миграция Орусия Акча

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу