Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнө берилүүчү сый акы маселеси көтөрүлдү

27.06.2024, 12:26 Акчабар
Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнө берилүүчү сый акы маселеси көтөрүлдү

Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңеште Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн айлык маянасы боюнча маселени көтөрдү. 

Ал баса белгилегендей, 2023-жылы 7 адамга сый акынын жалпы суммасы 84 млн сомдон ашкан. Башкача айтканда, бир адамга ай сайын 1 млн сомдон ашык каражат жумшалган.  

“Бул тууралуу “Акчабар”деген сайтка да чыгыптыр. 2023-жылы жалпы 7 адамдын алган акчасы 84 млн сомдон ашкан экен. Башкача айтканда, адам башына ай сайын 1 млн сомдон ашык каражат кеткен. Албетте, жогорку кесиптеги профессионалдар жакшы айлык алыш керек. Бирок, айына 1 млн сом жөнөкөй мугалимдин айлыгынан 40 эсе чоң болуп жатат. Азыр орточо мугалимдин айлыгы Кыргызстан боюнча 25 миң сом. 5-10 эсе болсо да бир жөн. Бирок, 40 эсе ашыкча акча го дейм. Анткени мурунку жылдары андай болбоптур. Бул болгону 2023-жылы эле болуптур. Мурунку жылдары мындан 3-4 эсе азыраак болуптур”, - деди ал. 

Материал менен таанышуу үчүн депутат “Акчабар” жасаган Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн сый акылары боюнча материалга шилтемени бир күн мурун дайындалган Улуттук банктын жетекчиси Мелис Тургунбаевге жөнөтүүнү убада кылды. 

 

Тэги: КР Улуттук банкы сый акы айлык акы айлык маяна

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу