Бүгүн, 28-июнда Казакстандын Bombardier Q400 NextGen учагы менен Алматы – Ысык-Көл – Алматы багыты боюнча биринчи каттам "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конду.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААКтан билдиришкендей, Алматыдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөттү, артка учуу 1 саатты түзөт.
Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.