Президент «Жаңы кадам» кеңешмесинде кымбатчылык маселесине токтолду

22.05.2024, 14:35 Акчабар
Президент «Жаңы кадам» кеңешмесинде кымбатчылык маселесине токтолду

Бүгүн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров өлкөдөгү жакырчылык, кымбатчылык жана жумушсуздук көйгөйлөрүнө токтолду. 

Өлкө башчы өзгөчө азык-түлүк кымбаттап жатканын белгиледи. Анын айтымында, бир катар продуктылардын баасы 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге өстү. 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тууралуу көп жылдардан бери айтылып келатканы менен, мунун баары курулай сөз бойдон эле кала бериптир. Жада калса этти да, жашылча-жемиштерди да чет өлкөдөн импорттоп ташыганга мажбур болуп калыптырбыз. Өткөн эки жылдын ичинде буудай, кумшекер, суу май, күйүүчү май, мазут, дизелдик отун, курулуш жана өнөр-жай товарларына болгон дүйнөлүк баалар эбегейсиз кымбаттаганын да жакшы билесиздер. Муну менен импортко жана тышкы экономикага көз каранды болгон өлкө катары кымбатчылыктын толкунун баштан кечирип, дүйнөлүк инфляция өлкөбүзгө өз залакасын тийгизүүдө. 

Ошондой эле, Садыр Жапаров мамлекет көп күч жумшап макроэкономикалык туруктуулукту камсыздаганын билдирди. 

 

Тэги: социалдык контракт аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекеттик жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу